Биз социалдык тармакта

Улукбек Мариповдун Талас облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды

Улукбек Мариповдун Талас облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Иш сапардын жүрүшүндө Улукбек Марипов Бишкек-Ош унаа жолундагы реконструкциялоо ишин, Өтмөк ашуусундагы Суусамыр-Талас-Тараз жолунун абалын текшерип, Жер-Үй кениндеги Талас алтын комбинатынын иши менен таанышты. Ошондой эле жарандардын арыздары боюнча Көк-Кашат айылындагы Атай Огонбаев атындагы мектептин абалын текшерди, Шекер айылындагы "Чыңгыз-Ордо" тарыхый-маданий комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мындан тышкары, жакында сел жүргөн Кара-Буура районуна барды.

Сапардын жыйынтыгында бир катар тапшырмалар берилип, тиешелүү чечимдер кабыл алынды. Тактап айтканда, жамап-түзөө иштеринен баш тартып, Төө-Ашуунун түштүк тарабындагы 6 чакырым унаа жолуна эки катмар асфальт төшөө менен капиталдык ремонттон өткөрүү, Кара-Буура – Чаткал жол тилкесин грейдер менен тазалап, жолду ачуу тапшырылды. Кара-Буура районундагы селдин кесепетинен жабыркаган көпүрөнү эки жуманын ичинде калыбына келтирүү милдети коюлду. Мындан тышкары, министрлер кабинети келерки жылы Шекер айылындагы "Чынгыз-Ордо" тарыхый-маданий комплексинин курулушунун биринчи этабын жыйынтыктоо үчүн калган сумманы бөлүп берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jaz99
2021-07-31 17:37:39
Сонун иштеп атат Улукбек байке
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан