UFC чемпиону Валентина Шевченко эл аралык "World MMA Awards" сыйлыгына кайрадан көрсөтүлдү. Бул тууралуу уюштуруучулар расмий сайтына жарыялашты.
Маалым болгондой, Шевченко бул сыйлыкка биринчи жолу былтыр көрсөтүлгөн. Быйыл дагы "Жылдын мушкер айымы" номинациясында бир катар белгилүү спортчулар менен ат салышат. Анын бул категориядагы атаандаштары Маккензи Дерн, Кайла Харрисон, Роуз Намаюнас жана Манон Фиоро болмокчу. Азырынча иш-чаранын так убактысы айтыла элек.
Маалымат үчүн, "World MMA Awards" сыйлыгы 2008-жылы негизделген. Анда 22 категория боюнча мыктылар күйөрмандарынын добушу менен аныкталат.