Биз социалдык тармакта

Жаңы окуу жылына карата Бишкектеги билим берүү мекемелеринде оңдоо иштери жүргүзүлүүдө

Бишкектеги айрым билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылына карата оңдоо иштери жүргүзүлүүдө. Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, бүгүнкү күндө 15 окуу жайда оңдоо иштери аяктады.
"Учурда Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы 30 билим берүү объектилеринде оңдоо иштерин жүргүзүүдө, 15 объект пайдаланууга берилди.
Курулуш долбоорлорунун бекитилген тизмесине ылайык, 2021-жылы 55 билим берүү мекемесин оңдоо пландаштырылган.
№11 жана №51 орто мектептеринде инженердик коммуникацияларды алмаштыруу жана жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Ал эми №3 "Ласточка" мектепке чейинки билим берүү уюму толугу менен өзгөртүлүп, өз ишин баштады. №100 мектепке чейинки билим берүү уюмунда коомдук тамактануу бөлүмү оңдолгон.
№50, №68 орто мектептеринин жана №135 мектепке чейинки билим берүү уюмунун чатырлары оңдолду.
№58 орто мектептин тышкы электр кабелдери алмаштырылды. №84 орто мектепке электр жылытуу системи орнотулду. №185 мектепке чейинки билим берүү уюмунда терезелери алмаштырылган, ал эми №134 мектепке чейинки билим берүү уюмуна брусчатка төшөлгөн", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан