Ысык-Көлгө эс алууга келип дайынсыз болгон казакстандык кыздын жансыз денеси табылды

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон казакстандык кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-август күнү Ала-Көл жайлоосунда Каракол суусунда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 6 куткаруучу тартылып, адамдын жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ал 1992-жылы туулган казакстандык кыз экени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
akmanai
2021-08-02 09:47:23
Бул каза болуп жаткан чет элдик биринчи турист эмес. Беделибизге шек кетет. Эмнеге коопсуздук жакшы каралбайт бизде
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан