"Айдоочу локомотивди токтотууга мажбур болгон". Казакстанда темир жолду курттар каптап, поезд кыймылына тоскоол болууда

Казакстандын Ак-Төбө облусунда көп сандаган шалбаа көпөлөк курттары темир жолду каптап, андагы поезддердин кыймылына тоскоолдук жаратууда. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты. Ошондой эле окуянын видеосу дагы социалдык тармактарга жарыяланды.

Маалыматка ылайык, видео Ак-Төбө облусундагы "Ак-Төбө жез компаниясы" тейлеген темир жолдун Көк-Тау-Кемпирсай тилкесинде тартылган. Анда чындап эле темир жолду каптаган көп сандаган курттарды көрүүгө болот.

"Мына, курттарды карагыла. Алардын кесепетинен токтоп калдык. Тепловоз жүрбөй, дөңгөлөгү бир ордунда эле айланып калды. Жол май сыяктуу эле майланып жатат. Бул эмне деген курт. Мага жардам керек. Жүрүүгө эч мүмкүн эмес", - деп калтырган видеодогу жаран.

Ал эми Казакстан темир жол ишканасы мындай окуяны четке кагууда. "Учурда Ак-Төбө филиалында шалбаа курттарынын темир жолго каптап кирүүсү тууралуу эч кандай факты катталган жок. Поезд каттамында да эч кандай тоскоолдукка учуроо же кечигүү сыяктуу абал жаралган эмес", - деп билдирген аталган ишкананын басма сөз кызматынан.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган облуста жайгашкан Акшат айылында көп сандагы шалбаа көпөлөк курттарынын каптап жатканы маалымдалган. Анда аталган курттун түрү үйлөргө чейин кирип жатканы айтылган. Ал эми айыл тургундары алар менен күрөшүүнүн айласын таба албай жатышканын билдиришкен.

Казакстанда темир жолду массалык түрдө курттар каптады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-08-02 16:13:54
Чындап эле килтейген миңдеген тонна тарткан тепловоз ошол куртарга жүрбөй калсын
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан