Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын алкагында кыргыз балбан кызы Мээрим Жуманазарова бүгүн, 1-август күнү килем үстүнө чыкты.
Кыргыз балбан кызы алгачкы жүрүшүн 1\8 финалда баштап, анда ал болгариялык Мими Христово менен кез келип, атаандашына 5:4 эсебинде жеңилип жатып, беттеш бүтөрүнө 2 секунд калганда атаандашынын артына өтүп, 2 упай алып 6:5 эсебинде жеңүүчү аталды.
Мээрим сага сөз жок!
Чейрек финалда Мээрим Жуманазарова азербайжандык балбан менен нигериялыктын жеңүүчүсү менен кез келет.