Чүйдө жол кырсыгы катталып, жөө жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 31-июль күнү болжол менен саат 03:00 чамасында Беловодск айылынын Москва районунда Фрунзе менен Октябрь көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз айдоочу унаасы менен жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн тургунду сүзүп качып кеткен. Натыйжада 55 жаштагы жаран алган жаратынан улам эсине келбей каза болгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында, милиция кызматкерлери тарабынан качып кеткен айдоочу кармалган. Ал 1988-жылы туулган Талас облусунун тургуну болуп чыккан. Учурда айдоочу тергөө иштерин мындан ары улантуу үчүн укук коргоо органдарына өткөрүп берилди, ал эми Мерседес-512 үлгүсүндөгү унаасы айып короого токтотулган.