Чыгармачылыгын Түркияда улантып жүргөн Бексултан Алимбеков төш белги тагынды

Чыгармачылыгын Түркияда улантып жүргөн жаш ырчы Бексултан Алимбеков сыйлыкка татыды. Акдеңизден салам жолдогон ырчы кубанычы менен бөлүшүп, сыйлыкка маданияттын мыкты кызматкери Азиз Батыров, анын шакирттеринен түзүлгөн “Ынтымак” тобу менен концерт койгондугу үчүн татыды.

"Стамбулдагы концертке салымымды кошуу үчүн барганымда Кыргыз Республикасынын "Кутман эл" эл аралык бирикмесинин “Эл кадырманы” төш белгиси менен сыйлашты. Баарына ыраазы болдум. Бирикменин төрайымы Гүлжан Кутманбаева тапшырып, чоң ийгиликтерди каалады. Күтүүсүз болду, өзүмдү татыктуумун деп эсептеген эмесмин. Мен бул сыйлыкты аванс катары кабыл алдым. Анткени арзыбаган эмгегимди орденге татыктуу деп сыйлап жатканы шык берет. Маданиятыбызды таанытууда кызматымды уланта беришим керек", - деди ал.

Бексултан Алимбеков 1995-жылы Ош облусунда төрөлгөн. Жамиля Муратованын музыкалык мектебинен сырттан сабак алган. Репертуарында "Аядыңбы?", "Ырдайм жаштыкта", "Ак кайың", "Ата Журтум", "Ыйыгым" жана башка ырлары бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан