Италияда 22 жаштагы блогер видео тартам деп 200 метр бийиктиктеги аскадан кулап каза болду

Даниялык 22 жаштагы блогер Альберт Дирлунд видео тартуу учурунда Италиянын Альп тоолорундагы 200 метр бийиктеги аскадан кулап каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 22 жаштагы блогер Валь-Гардена өрөөнүндөгү Сечеда тоосунда YouTube каналына видео жаздырып жаткан, бирок съемка учурунда ал мүдүрүлүп жардан кулап кеткен. Дирлундга жардам берүү үчүн куткаруучу тик учак жөнөтүлгөн, бирок ага убагында жете алган эмес, жигит ошол жерден каза болгон. Анын өлүмү тууралуу маалыматты үй-бүлөсү тастыктаган.

Альберт Дирлунддун YouTube каналында болжол менен 175 миң жана Инстаграмда 200 миңден ашуун катталуучусу болгон. Ал негизинен өзүнүн өмүр баянын жана комедиялык клиптерди жарыялап келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asmat84
2021-08-02 12:49:39
Ушуну айтса болчудай экен блогер деп изденип атайын катталуучулары үчүн Альпы тоолоруна барып эмгек жаратам деп каза болуптур
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан