Баткенде турак үйдөн 100 миң сом өлчөмүндө акча уурдап кеткен келин Бишкектен кармалды

Баткен облусунда акча уурдап, Бишкек шаарына качып кеткен жаран аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Милициянын маалыматына ылайык, Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал өзү жашаган үйүнөн белгисиз адам 100 миң сом акчасын уурдап кеткендигин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмыш ишине шектелип Ош облусунун Араван районунун 29 жаштагы тургуну Бишкектен кармалган. Ал эми уурдалган акча өз ээсине кайтарып берилген. Облустук милициядан учурда тергөө иштери уланып жатканын кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gulina90
2021-08-02 12:02:39
Аял башын мн уят эле,жаш экенсин,ден-соолук жайында иштеп тапсан болмок.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан