Ош облусунун Алай районунда 35 жаштагы жаран көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айыл аймагынын Кара-Киндик жайлоосунда көлгө 1986-жылы туулган эркек киши чөгүп кеткен. Жерине 9 куткаруучу тартылып, издөө иштерин жүргүзүшүп, маркумдун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген.