Түркиядагы акыркы абал: 125 аймактан чыккан өрттүн 107си көзөмөлгө алынды

Түркияда 29-июлдан бери 125 аймакта катталган өрттүн 117си көзөмөлгө алынды. Ал эми 8 аймакта тилсиз жоо дагы эле уланууда. Бул тууралуу өлкөнүн айыл чарба жана токой министри Бекир Пакдемирли маалымат каражаттарына билдиргенин түрк басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, Анталиядагы Манавгат жана Күндогмуш аймагында, Муула шаарындагы Мармарис, Көйжеиз, Милас, Каваклыдере, Сейдикемер аймактарында жана Тунжели шаарында тилсиз жоо менен күрөш уланууда. Өрттү өчүрүү үчүн жалпысынан 9 учкучсуз башкарылуучу учак, 45 тик учак, 1 учкучсуз тик учак, 708 өрт өчүрүүчү унаа, 120 кызматтык унаа жана 4800 өрт өчүрүүчү кызматкер иш алып барууда. Ошондой эле аларга миңдеген ыктыярчы жарандар да көмөктөшүп жатканы кабарланды. Муну менен бирге бир катар өлкөлөр да Түркияга жардам иретинде тик учактардан баштап өрт өчүрүүгө керектелген жабдыктар менен кызматкерлерди жөнөтүп жатканы чет элдик басылмаларда кабарланды.

Ал эми кырсыктын кесепетинен каза тапкандардын саны 8 адамга жетти. Алардын жетөө тилсиз жоодон эң көп жапа чеккен Манавгат аймагында. Бир күн мурда аталган аймактагы толугу менен күйүп кеткен үйлөрдүн биринен түгөйлөрдүн жансыз денеси табылганы айтылган.

"Манавгаттагы өрт кырсыгында жалпы 7 адам каза болду. Ал эми 507 адам жаракат алды. Учурда 34 "Тез жардам" унаасы жана 183 медицина кызматкери менен өрт катталган аймактабыз", - деп билдирген Түркиянын саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа.

Ошондой эле тилсиз жоонун айынан миңдеген гектар жерлер, токойлор, айдоо аянттары, турак жайлар жана бир канча айылдар күлгө айланды.

Жергиликтүү тургундар учурдагы абал тууралуу социалдык тармактардан пикирлерин бөлүшүүдө.

"Оңго, солго карадым. Бир дагы бак жалындан аман калбаптыр. Атом бомбасы түшкөн Хиросима шаары сыяктуу эле болуп калды. Бак-дарактар жер менен жексен болду. Бардык жерде түтүн. Кайгырбай коюу, ыйлабай коюу мүмкүн эмес".

"Жол жээктеги адамдар таштап кеткен үйлөрдү көрдүм. Күйгөн, жыгылган үйлөр согуш тасмаларындагы кадрлар сыяктуу эле көрүнөт. Электр мамылары дагы эле күйүп жатат. Жол жээкте качып баратып күйүп кеткен ташбаканы көргөндө жүрөгүм сыгылып кетти".

"Бакчада отурганбыз. Бир маалда жогору жактан унаалар ылдамдык менен келе баштады. Адатта мындай көрүнүш болчу эмес. Андан соң унаалардын бири бизди да алып кетти. Өрт биздин айылды каптаптыр. Эмне оокатыбыз бар болсо бардыгы күлгө айланды".

Ал эми өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган Мармарис шаарында элге кайрылуу жасады.

"Түркия кырсыктын кесепетин кыска убакытта жоёт. Бир дагы жараныбыздын жапа чегүүсүнө жол бербейбиз. Каза болгондордун, башка бардык жоготууларыбызды калыбына келтирүүгө күчүбүз жана мүмкүнчүлүгүбүз бар", - деди президент өз кайрылуусунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан