Баткенде кечээ кечинде сел жүрдү (фото)

Баткенде катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 1-август күнү саат 21:30 чамасында Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагына караштуу Алыш айылында жааган жаан-чачындын кесепетинен сел жүрүп, 17 турак үйдүн короолорун, анын ичинен 7 турак үйдүн жер телөөсүнө сел суулары кирип кеткен.
"Сел сай ичиндеги 4 чакырым ички чарбалык жолду бузуп кеткен, учурда каттам кыйынчылык менен өтүүдө. Сай жээгиндеги 13 короонун жээгин алып эрозия жараткан. Сугат суу берүүчү каналдын 3 жерине кум-шагыл толтурулуп, РЭС ишканасына караштуу 4 электр мамыны бузуп кеткен.
Сел жүргөн аймактарда тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле Үч-Коргон айыл аймагынан жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды", - деп билдиришти аталган мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан