Бишкекте үч күндүк "Бахус" аталышындагы рейддик иш-чара учурунда Бишкекте 90 мас айдоочу аныкталып, 1 миллион 575 миң сом айып салынды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, акыркы учурда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары көп катталып, көптөгөн жарандар жол кырсыгынан ар кандай жаракаттарды алууда.
"Анын себептери айдоочулар жол эрежелерин так сактабагандыгы болууда. Ошондуктан милициянын кайгуул кызматкерлери дем алыш күндөрү “Бахус” аталышындагы атайын жол кырсыктарынын алдын алуу багытында рейддик иш-чара өткөрүп, 3 күндүн ичинде 2 миң 648 жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады", - деп айтылат маалыматта.
Алардын ичинен:
- Мас абалында автоунаа башкаруу - 90 айдоочу (1 575 000 сом айып салынды);
- Айдоочулук күбөлүгү жок унаа башкаруу - 143 айдоочу;
- Автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 7 айдоочу;
- Башка жол эрежелерин бузуулар - 2 миң 399 айдоочу.
- 289 унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.