Кыргыз өлкөсүндө үгүт иштерин жүргүзүп жүргөн Эл аралык террордук уюмдун согушкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына ылайык, террорчулукка каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, Эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсү, өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында жашырынып жүргөн Х.И. аттуу чет өлкөнүн жараны аныкталып, кармалды.
"Изделип жаткан жаран эл аралык террорчулуктун чет элдик борборлорунун координациясы астында куралдуу чыр-чатак аймагына жиберүү максатында калктын диний бөлүгү арасында активдүү үгүт иштерин кылып жүргөнү аныкталган. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.
Учурда УКМК Эл аралык террордук уюмдун ишине тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чараларын улантууда.