Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Алмаз Мамбетов алдыдагы пландарын журналисттерге айтып берди.
"Мен Ошко мурда дагы көп келгем, эми кызмат менен келип жатам. Биздин ийгиликтүү иштеп кете аларыбызга көзүм жетет. Алган билимибиз дагы жетет дегендей. Анан дагы мага команда жардамын берип, бирге көп иштерди кылабыз деп ишенем", - деди Мамбетов.
Ошондой эле ал "Балким, Таалайбек Сарыбашов борборго кетип жатып өзүнүн командасын ошол жактан көргүсү келээр", - деген пикирин кошумчалады.
Өз сөзүндө ал мэрдин милдетин аткаруу сунушу президент Садыр Жапаровдон болгонун айтып өттү.