Олимпиада шаарчасында алкоголдук ичимдиктер колдонулуп, бир канча спортчунун катышуусунда өткөрүлгөн кече иликтенет. Бул тууралуу Олимпиаданын уюштуруу комитетинин башчысы Тоширо Муто аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмаларына билдирди.
Маалыматка ылайык, жума күнү кечинде бир канча спортчунун жана команданын айрым өкүлдөрүнүн Олимпиада шаарчасынын аймагындагы сейил бактардын биринде чогулуп алкоголдук ичимдик ичишкени маалымдалган. Аталган иш полиция кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен токтотулган.
Бул окуяга кайсы өлкөнүн спортчуларынын катыштыгы бар экени тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Ошондой эле уюштуруу комитети бардык катышуучуларга Токиого келерден мурун коомдук жайларда биргелешип алкоголдук ичимдиктерди ичүү одоно мыйзам бузуу катары кабыл алынарын эскерткенин кошумчалады. Ал эми ичимдикти ар бир катышуучу өз бөлмөсүндө ичүүсүнө эч кандай чектөө жок.
Муну менен катар уюштуруу комитети эрежеге баш ийбегендер Олимпиадага катышуу укугунан ажыратыларын баса белгиледи.