Бир жыл мурун кармалган Базар-Коргон айылдык кеңешинин мурдагы депутаты 5 жылга эркинен ажыратылды

Базар-Коргон шаарынын айылдык кеңешинин биринин мурдагы депутатынын баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Мурда маалымдалгандай, 2020-жылдын 30-октябрь күнү Жалал-Абад шаарында уруксатсыз митингдин уюштуруучуларынын бири болуп, эл алдында Орто Азия өлкөлөрүнүн аймагында "Ислам Халифатын" орнотуу тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Конституциясына каршы келген ойлорун айткан. Ага карата Кылмыш-жаза кодексине ылайык, 2020-жылдын ноябрь айында М.А.Т. аттуу жаран кармалган.

Белгилүү болгондой, М.А.Т. кармалганга чейин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун айылдык кеңешинин биринин депутаты, "Солдат" каймана аты бар "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү болгон.

2021-жылдын 16-июлунда Жалал-Абад шаардык сотунун чечими боюнча 3 жылга чейин белгилүү кызматтарда иштебөө менен 5 жылга эркинен ажыратылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан