Чүйдө Акпай көлү жарылды. 8 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү

Чүй облусунун Сокулук районундагы Акпай бийик тоолуу көлү жарылды. Бул тууралуу ӨКМнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы билдирди.
Маалым болгондой, Сокулук районунда жайгашкан Акпай коктусунан тоо көлүнүн жарылуусунан сел жүрүп, Сокулук-Төш-Булак-шаркыратма жолунун 37-чакырымында 400 метр жолду жаап калган. Сел аккан жайлоодон Сокулук райондук бөлүмү алдын алуу иштерин жүргүзүп, 8 малчынын үй-бүлөлөрү (аялдары, балдары) көчүрүлдү. Сокулук-Шаркыратма унаа жолу жабылды.
"Сокулук суусунун нугунда суунун көлөмү болжол менен 20 куб метр суу агууда. Учурда сууну көзөмөлдөө уланууда жана күч каражаттары даярдыкта турат. Куткаруучулар атайын куткаруу унаасы менен калкка кабарлоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Суунун боюндагы жашоочулар үйлөрүнөн алыс коопсуз жайларга чыгышууда.
Чүй облусунун Жарандык коргонуу күчтөрү жана Сокулук районунун ӨКМнын куткаруучулары күчөтүлгөн режимде иштөөгө өтүштү. Учурда куткаруучулар тарабынан бийик тоодо жайгашкан көлмөнүн абалын көзөмөлдөө үчүн Акпай бийик тоолуу көлүнө чыгып кетишти", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан