Чүй облусунун Сокулук районунда 12 жашар кызды зордуктаганга шектүү 2 адам кармалганын Чүй облустук ИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 30-октябрда билдирди. Алар: Сокулук районунун 21 жаштагы жашоочусу жана Бишкектин 20 жаштагы тургуну. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар (соттук-наркологиялык, соттук-медициналык жана башка) дайындалган.