Гренландиядагы калың муз катмарлары тездик менен эрип жатат. 28-июлдан баштап аталган аймакта күнүнө 8 миллиард тоннага жакын муз сууга айланууда. Бул жай мезгилиндеги нормалдуу муздун эришинен эки эсе көп. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Арктикалык климатка жана мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүү кызматынын сайтына жарыялангандай, жайкы аба ырайынын адаттагыдан жогору болушу Гренландиядагы мөңгүлөрдүн көп бөлүгүнө терс таасирин тийгизип жатат.
Ал эми Даниянын метеорология станциясы учурда Гренландиянын түндүгүндө абанын температурасы 20 градустан жогору болуп жатканын белгиледи. Ал эми 29-июлда аралдын чыгышындагы Нерлерит Инаат аэропорту аталган аймакка байкоо жүргүзүү башталгандан берки эң жогорку температураны каттады. Анда аралда +23,4 градус жылуулук катталган.
Белгилей кетсек, Гренландиядагы муздун чоң көлөмдө эриши буга чейин 2019-жылы байкалган. Бул жылкы эрүү андагы көрсөткүчтөн ашып кетпесе да, кыйла чоң аймакты камтууда.
Гренландиядагы муздун жалпы көлөмү 1,8 миллион чарчы чакырымды түзөт. Бул Антарктидадан кийинки экинчи орундагы чоң муз аянты. Арктикалык климаттын жылышынан улам муздардын эрүүсү 2000-жылдан баштап жогорулаган.