Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Буга чейин Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарына мэр болуп дайындалды. Бул туурасында бүгүн, 2-августта президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.

"Таалайбек Сарыбашов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин шаардын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.

Буга чейин Таалайбек Сарыбашов Бишкек шаарына келерин SUPER.KG порталына Ош шаарынын мэриясындагы өздүк булактар айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pankration_MMA
2021-08-02 16:01:14
Таке эми Бишкектида Оштой кылып оңдоп салчы...
+6
Asmat84
2021-08-02 16:01:20
Молодец
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан