Олимпиада: Финалга чыккан Акжол Махмудов кыргыз элине кайрылуу жасады (видео)

"Токио-2020" Олимпиадасында финалга чыккан балбаныбыз Акжол Махмудов кыргыз элине кайрылуу жасады. Видеону Олимпиадага барган делегациянын өкүлү Галина Байтерек Фейсбук баракчасына жүктөдү.

"Кыргыз элим! Бул жеңишим силерге арналат. Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт. Ошондуктан бүгүнкү күндө утулуп калып, максатына жетпей калган жигиттерибизди эч качан сындабагыла. Бул спорт. Өзүңдө жакшы нерсе жок болсо, башкалардын да жакшы жактарын көрө албайсың. Ошондуктан канчалык адам жаман нерсе кылбасын, ар дайым жакшы жагын көргөнгө аракет кылалы", - деп кайрылды балбаныбыз.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов эртең грек-рим күрөшү боюнча финалда алтын байге үчүн күч сынашат.

Акжол Махмудов Кыргыз элине кайрылуу жасады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
Jelezo
2021-08-02 17:31:05
Ийгилик каалайм
+6
surgeon777
2021-08-02 17:39:57
Азаматсын,баарыбыздын тобобузду кокко жеткирдин,аман бол!
+5
Janel2013
2021-08-02 17:48:09
Молодец!
+2
azamat7386
2021-08-02 18:32:05
Моледец!
+2
molorbaev
2021-08-02 18:47:08
Азаматсын, Акжол. Баракелде!
+2
Pankration_MMA
2021-08-02 18:54:55
Финалда жеңишиң керек эми Кеша...
+1
raikakyz
2021-08-02 20:15:28
Алла колдосун Акжол! Оомиийн! Жеңиш сен тарапка ийилсин!
+1
zam81
2021-08-02 21:40:31
Кудай буйруса алтынкутобуз ийгилик
+1
anarbek80
2021-08-02 22:42:41
Азамат Акжол сөз жок эмди ийгилик менен кел буйруса.
+1
Kanatbek-Orunbaev
2021-08-02 23:13:15
Азаматсың!
+1
Jaka1978
2021-08-02 23:33:15
Өтө жөнөкөйлүгү жакты, азаматсың,аман бол
+1
Ak_Bulut
2021-08-03 00:06:21
Сөздү да мыкты сүйлөштүр, ийгилик !! Алтын күтөбүз
0
Ak_Bulut
2021-08-03 00:07:05
*п
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан