Кыргыз өлкөсүнүн биринчи президенти Аскар Акаевдин "Манас" эл аралык аэропортунда учактан түшүп келе жаткан видеосу социалдык тармактарда тарады. Ал бүгүн, 2-августта Бишкекке алып келинди.
Маалымат үчүн:
Белгилүү болгондой, Аскар Акаев бүгүн, 2-августта Бишкекке алып келинип ведомстволор аралык тергөө тобуна өткөрүлүп берилген.
Ага "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупциялык фактылар боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөө алкагында издөө жарыяланган. Буга байланыштуу УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында, 2-августта Бишкекке алып келинди.
Акаев Кыргыз өлкөсүн 1990-2005-жылдары башкарган. 2005-жылдагы март окуясында бийликтен кулатылгандан кийин үй-бүлөсү менен Орусияга чыгып кеткен, ошондон бери мекенге келе элек болчу.