Ооганстандын түштүгүндө жана батышында өкмөттүк күчтөр менен "Талибан" кыймылынын согушкерлери арасындагы тирешүү дагы эле уланууда. Талибдер Лашкаргах, Кандагар жана Герат сыяктуу бир катар маанилүү шаарларды басып алууга аракет кылышууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жарыялады.
Маалыматка ылайык, Лашкаргах шаары өкмөттүк күчтөр таштап кеткен Ооганстандагы 34 провинциянын борборлорунун алгачкысы болуп калышы ыктымал. Талибдер аталган шаардын көп бөлүгүн ээлеп алууга жетишкен. Тирешүүлөр бийлик имаратынан бир канча чакырым алыстыкта гана уланууда.
Лашкаргах шаарынын тургундарынын бири салгылаштар ар бир үй, көчө үчүн жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле көчөлөрдө көптөгөн өлүктөр жатканын жана талибдер губернатордун кеңсеси менен полициянын штаб-квартирасын басып алышканын кошумчалады. Муну менен катар өкмөттүк күчтөр шаарды абадан сокку уруу менен гана сактап турганын белгиледи.
Ал эми өлкөнүн түндүк-батышындагы Герат шаарында аэропорт үчүн катуу салгылашуу жүрүп жатканы маалым болду. Талибдер шаардын борборун аэропорт менен байланыштырган жолду басып алууга жетишти. А бирок аэропорттун өзү бийликтин колунда экени кабарланды.
Жекшембиде өлкөнүн Коргоо министрлиги Твиттер баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
"Гератка жүздөгөн атайын аскерлер келди. Алар согушкерлерге каршы чабуулду күчтөндүрүп, талибдердин соккуларын басышат. Жакында облустагы абал кыйла жакшырат", - деп жазылган маалыматта.
Ал арада Кандагардагы аэропорттун учуу-конуу тилкелери талибдердин соккуларынан улам чоң зыянга учурагандыктан бардык каттамдар токтотулду.
Кандагардагы Ооган парламентинин депутаты Гүл Ахмад Хаминдин айтымында, аталган шаар толугу менен талибдердин колуна түшүп калышы ыктымал. Себеби он миңдеген тургундар буга чейин эле үй-жайын таштап, шаардан чыгып кетишкен. Шаарда абал барган сайын начарлап баратат.
"Шаар акыркы 20 жылдагы эң олуттуу согуштук күндөргө туш болду. Менин оюмча, талибдер Кандагарга негизги күчтөрүн жумшап жатышат. Себеби алар Кандагарды убактылуу борбор шаар кылууну каалашууда. Эгер аталган шаар согушкерлердин колуна өтсө, анда бул аймактагы дагы 6 провинция жок болуу коркунучуна туш болот", - деп билдирди Гүл Ахмад Хамин.
Белгилей кетсек, АКШ аскерлерин Ооганстандын аймагынан расмий түрдө чыгарып кеткенден баштап радикалдуу "Талибан" кыймылынын согушкерлери менен өкмөттүк күчтөрдүн ортосундагы тирешүү токтобой келет.