Садыр Жапаров Акжол Махмудовду Токиодогу Олимпиада оюндарында финалга чыгышы менен куттуктады. Бул тууралуу президент Инстаграм баракчасына жазды.
"Акжол Махмудовду Токиодогу Олимпиада оюндарында финалга чыгышы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Бүтүндөй өлкө демин ичине катып, Акжол чечүүчү күрөштө ийгиликке жетишсе экен деп жан дили менен тилеп отурушат! Ошондой эле Айпери Медет кызы дагы Олимпиадада ийгиликтүү күрөшкөндүгү менен куттуктайм. Бул жолку күрөштөр ал үчүн чоң тажрыйба жана келечектеги Олимпиадалык медалдардын башталышы болот деп ишенем! Алга, Кыргыз өлкөсү!" - деп жазылат куттуктоодо.