Бишкектин "Тазалык" муниципалдык ишканасы күз-кыш мезгилге даярдануу боюнча жумуштарга киришти. Базага бардыгы 329,4 техникалык туз киргизилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, күз-кыш мезгилине 6500 тонна техникалык туз алып келүү пландалган. Күз-кышкы тазалоо мезгили 1-ноябрдан 1-мартка чейин коюлган.
Шаардык жолдорду жана көчөлөрдү кардан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү мөөнөтүн аныктоо үч категорияга бөлүнөт:
"Шаардын жолдорун өтүүчү бөлүктөрүн кардан тазалоо 41 бирдик автотранспорт каражаты жана жолдорду эксплуатациялоо бөлүмүнүн 40 адамы менен жүргүзүлөт.
Аялдамаларды жана жол боюндагы жан жолдорду кардан тазалоо саны 600 коомдук аймактарды тазалоочулардын жана 113 жүктөөчүлөрдүн күчү менен автосамосвалга кол менен жүктөө аркылуу ишке ашат. Контролдоону түздөн-түз бекитилген мастерлер ишке ашырат", - деп айтылат маалыматта.