Москва шаарынын мэри мигранттардын саны эмнеден улам кыскарганын айтты

Орусиянын Москва шаарында эмгек мигранттарынын жетишсиздиги инфляциянын себептеринин бири. Бул тууралуу Москва шаарынын мэри Сергей Собянин билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Мэрдин айтымында, өткөн жылдын жай мезгилинде курулуш объекттери дээрлик эки айга жабылып, жакшыртуу жана оңдоо иштерин токтотууга аргасыз болгон. Бул курулуш уюмдары көптөгөн жумушчуларды кыскартууга алып келди. Натыйжада, эмгек наркы жогорулады.

"Чынында эле жумушчу күчүнүн жетишсиздиги пайда болду. Жетиштүү деңгээлде чоң, жарым-жартылай турак жай-коммуналдык чарбада, тейлөө жана соодада, жарым-жартылай курулушта жана башка. Бул жумуштун наркынын өсүшүнө алып келди жана башка нерселердин баары көтөрүлө баштады. Анткени эмгек өндүрүмдүүлүктүн көлөмү көбөйтүлбөстөн айлык акы жогорулады. Ошондуктан биз инфляциянын өсүшүн көрүп жатабыз", - деген Сергей Собянин.

Ошол эле учурда анын пикиринде, ишкерлер буга ылайыкташууда.

"Жумуштун көлөмү азайган жок, акырындык менен көбөйүп жатат", - деп кошумчалаган мэр.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Орусияда мигранттардын саны эки эсеге азайган. Буга чейин өлкөдө 9 миллиондой мигрант болсо, 2020-жылы алардын саны 6 миллионго чейин кыскарган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Apyn8793
2021-08-03 11:40:01
Ииии, ошентип биздин баркыбызды да билгиле. Биз кетип калсак куурайсынар!
+7
Egizderim-baktim
2021-08-03 11:46:41
ЛДПРден Жириновскийди апарып иштеткиле, жондон жон эле миграттарды айдаш керек Сибирге сургун кылыш керек мигранттар жыргап жатат деп жаткан эле
+5
Egizderim-baktim
2021-08-03 17:10:51
"Жумуштун колому азайган жок акырын кобойуп жатат"-деп мигранттар келе бергиле дегендей гоо аа
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан