Армениянын премьер-министри болуп Никол Пашинян дайындалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Басылмаларда жазылгандай, тиешелүү жарлыкка өлкө президенти Армен Саркисян кол койгон. Пашинянды премьер-министрликке шайлоодон кийин алгачкы жыйынына чогулган парламенттеги "Жарандык келишим" партиясы көрсөттү.
Мыйзамга ылайык, Армениянын өкмөтү премьер -министр дайындалгандан кийин 15 күндүн ичинде түзүлөт.
Армениянын жаңы чакырылыштагы парламентинде 107 депутат иштейт.
Эске салсак, өлкөдө премьер-министрдин кызматтан кетишин талап кылган нааразычылык акциялары болгон. Буга Пашинян Азербайжан жана Орусиянын президенттери менен бирге Тоолуу Карабахта ок атышууну токтотуу жана багынып берүү жөнүндө үч тараптуу билдирүүгө кол койгону себеп болгон.