Биз социалдык тармакта

Көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт. 3-августка карата аба ырайы

Эртең, 3-августта түнкүсүн Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 16...21, күндүз 30…35;

Талас облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 29…34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29;

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21, күндүз 33…35 градус болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан