"Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос дүйнөдөгү эң бай адам статусунан ажырады

"Amazon" менен "Blue Origin" космостук компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос дүйнөдөгү эң бай адам статусунан ажырады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Жефф Безос аукциондон кийин 13 миллиард 900 миллион доллар жоготуп, экинчи орунга түштү, анын байлыгы 192 миллиард 400 миллион долларга бааланууда.
Учурда биринчи орунда Louis Vuitton жана Dior сыяктуу кымбат бренддердин ээси Бернард Арно турат. Анын учурдагы байлыгы 192 миллиард 900 миллион доллар деп бааланууда.
Эң бай үч адамдын катарына 179 миллиард 400 миллион долларга ээ болгон Илон Маск кирет. Анын артында 131 миллиард 600 миллион доллары менен Билл Гейтс жана 126 миллиард 200 миллион доллар менен Марк Цукерберг турат.
"Amazon" компаниясынын акциялары 2021-жылдын экинчи чейреги үчүн отчёттор жарыялангандан кийин 30-июлда 3599 миллиард 92 миллион долларга чейин, башкача айтканда, 7,56 пайызга төмөндөгөн. Акыркы үч жылда биринчи жолу компания кирешенин өсүшү боюнча аналитиктердин күтүүсүн актаган эмес. Акыркы чейрек ичинде Amazonдо таза сатуу 27 пайызга жогорулап, 113 миллиард 8 миллион долларды түзгөн.
Ошол эле күнү компания жеке маалыматтарды иштетүү эрежелерин бузгандыгы үчүн рекорддук 746 миллион евро айыпка жыгылган. Компания айып пул боюнча чечимге даттануу арызын жазарын билдирген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pankration_MMA
2021-08-03 13:56:13
Ушулардын байлыгын санап жүрүп эле өмүрүңөр өтөт экенда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан