"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү, дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири болгон Билл Гейтс жубайы Мелинда менен расмий түрдө ажырашты. Мындай маалымат дүйнөлүк басылмаларда жарыяланды.
Маалыматка ылайык, сот ажырашуу боюнча акыркы чечимди бүгүн чыгарды.
Гейтс Мелинда менен 27 жыл чогуу жашап, үч баланы тарбиялаганын, дүйнө жүзү боюнча иш алып барган кайрымдуулук фондун түзгөнүн айткан.
Буга чейин, тагыраагы май айында Билл Гейтс социалдык тармактагы баракчасына: "Биз бул тууралуу көп ойлонуп, акыры ажырашуу чечимин кабыл алдык. Биз мындан ары да чогуу иштей беребиз, бирок түгөй катары мамилебиз токтойт" деп жазган.
Билл Гейтс дүйнө жүзүндөгү эң бай беш адамдын бири, анын үй-бүлөсүнүн байлыгы 131 миллиард 600 миллион долларга бааланган.