Бүгүн, 3-август күнү Токио шаарында өтүп жаткан XXXII жайкы Олимпиада оюндарында беш кыргыз балбаны килем үстүнө чыкса, бир жөө күлүк күчүн сынайт.
Бүгүнкү мелдештерде 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов финалда күрөшсө, Үзүр Жусупбеков жана Мээрим Жуманазарова коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алуу үчүн жубатуучу беттештерге катышат. Ошондой эле Айсулуу Тыныбекова менен Атабек Азисбеков алгачкы атаандаштарына каршы килемге чыгат.
Мындан тышкары жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков 5000 метр аралыкка чуркоодо күчүн сынайт.