
Чүй облусунда май куюучу жай күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, өрт кырсыгы 3-августка караган түнү болгон.
"Кемин районундагы жолдун жээгинде "Red Petroleum" май куюучу жайында турган жүк ташуучу Мерседес-Бенц унаасынан өрт чыгып, толук күйүп кеткен. Андан чыккан өрт 1 даана май куюучу колонкасына өтүп оператордук бөлмөнү жана ичинде жайгашкан дүкөндү (жалпы аянты 80 чарчы метр), темир калай менен жабылган бастырманы (140 чарчы метр) каптап кеткен", - деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.
Өрттүн кесепетинен болжол менен 220 чарчы метр аянт күйдү. Өрт саат 23:40та чектөөгө алынып, 04:36да толук өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.