Бейбаштыкка шектелген уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга К.С. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 19-июль күнү болжол менен 19:00дө Ош облусунун Өзгөн шаарынан белгисиз адамдар анын уулун себепсиз сабап, денесине жаракаттарды келтиргендигин билдирген.
Бул факты боюнча топтолгон материал Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Ушул жылдын 28-июль күнү ИИМдин криминалдык милиция кызматы аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу-Өзгөн унаа жолунан шектүүлөрдүн бири 1993-жылы туулган Т.О. кармалган. Ал мурда бир нече жолу соттолгон.
Алынган маалыматтар боюнча, шектүү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Кармалган жаран Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, териштирүү иштери башталган.