Бишкекте 7-кичи районунда унаа күйүп кетти

Бишкекте көп кабаттуу үйдүн жанында унаа күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
"Бишкек шаарынын 7-кичи районунда Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанында “Мерседес-Бенц S-500” үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен.
Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, саат 05:38де чектөөгө алынып, 06:06да өрт толук өчүрүлдү.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдиришти аталган мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан