2013-жылы 11-октябрда болжол менен саат 17:00дө Нижняя Серафимовка айылында 63 жаштагы К.Турусбектин киши колдуу болуп өлгөн денеси өзүнүн үйүнүн жанынан табылган. Анын денесинде жана башында катуу соккулардын издери болгон. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.
Бүгүн 30-октябрда аталган адамды өлтүргөн деп шектелген адамды милициялар колго түшүрүшкөн. Ал Кант шаарынын 35 жаштагы тургуну К.Зарылбек болуп чыккан. Алдын ала маалыматка караганда, кылмыш мас болуп чатакташуудан улам жасалган. Учурда кармалган адам убактылуу кармалуучу жайга киргизилип, сурак жүрүүдө.