
Жалал-Абад облусунда жол кырсыгынан бир адам каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришкендей, кырсык Токтогул районунун Бишкек-Ош унаа жолунда катталган. Анда Honda CR-V унаасы менен “Mercedes Benz Sprinter унаалары сүзүшкөн.
"Кырсыктын кесепетинен 65 жаштагы эркек киши каза болуп, 6 адам жабыркаган. Жерине Токтогул райондук ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жаранды унаадан чыгарышып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркагандар Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген. Абалдары учурда оор деп эсептелинет", - деп билдиришти ӨКМнын маалымат кызматынан.