Ырчы, модель, дизайнер-модельер Лира Seven чет өлкөдө өтүп жаткан мода жумалыгына катышат. Бул тууралуу билдирүүсүн ырчы социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Сингапурда мода жумалыгы башталды. Дизайнер-модельер катары өз колумдан даярдалган шөкүлө менен көйнөктөрдү "Design By Lira Seven" аттуу коллекциямды 7-8-августта көргөзмөгө коём. Башка улуттар кыргыз элин улуттук кийимдеринен тааныйт. Илгери шөкүлөнү тектүү жердин кыздары жаңы эле күйөөгө аттанып жаткан кезде кийишчү. Азыркы убакытта унутулуп калбасын деп заманбап ыкмага салып тигип чыккам. Бүткүл дүйнө жүзүндөгү сулуу бийкечтерге кийгизип чыгарып, модага айлантуу менин максатым", - деген ал.