Израилде таблетка түрүндөгү коронавирус вакцинасы сыноодон өтөт

Израилдеги "Oramed" фармацевтикалык компаниясы иштеп чыгарган коронавируска каршы таблетка түрүндөгү вакцина бир нече аптадан кийин сыноого кирет. Бул тууралуу аталган компаниянын директору Надав Кидрон билдиргенин чет элдик басылмалар кабарлашты.

Маалыматка ылайык, вакцинаны иштеп чыккандар атайын капсулаларды колдонуу менен ашказандын кислоталуу чөйрөсүндө таблетканын бузулуп кетишинин алдын алышкан. Ошондой эле ал бир канча вирустук түзүлүштөрдүн окшоштуктарын камтыйт. Мындай нерсе илдеттен жакшыраак коргой алары да айтылган.

"Вакцина жакшы натыйжа бериш үчүн бизге аны колдонууга мүмкүн болушунча көбүрөөк адам керек", - деп билдирген Надав Кидрон.

Аталган вакцина Нобель сыйлыгынын ээси, биохимик Аврам Хершко менен биргеликте иштелип чыкканы да маалымдалды.

Ошондой эле "Oramed" компаниясы аталган вакцинаны сыноодон өткөрүү үчүн бир канча өлкөлөргө да арыз бергенин билдирди.

Эске салсак, буга чейин япониялык "Shionogi" компаниясы да жарандарды вируска каршы дарылоодо таблетка түрүндөгү вакцинаны колдонуп баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан