Биз социалдык тармакта

Хабиб Нурмагомедовду тосуп алгандардын арасында Жапаров менен Ташиевдин уулдары жүрөт

Бүгүн, 3-августта UFC уюмунун жылдызы, атактуу жеңилбес мушкер Хабиб Нурмагомедов Кыргыз өлкөсүнө келди.

Аны "Манас" аэропортунан "EFC 38" турниринин уюштуруучулары тосуп алышкан. Ал эми тосуп алуучулардын арасынан президент Садыр Жапаровдун уулу Рүстөм Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурас Ташиевди көрүүгө болот. Алар Нурмагомедов менен бирге бир дасторкон үстүндө чогулушкан. Аталган видеону орусиялык мушкер социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.

Чолпон-Ата шаарында бүгүн, 3-август күнү кечинде "EFC 38" турнири орун алат жана турнирге Хабиб Нурмагомедов конок катары катышат.

Бүгүн боло турган "EFC 38" турнирин SUPER.KG порталынан түз эфирде көрө аласыздар.

Хабиб Нурмагомедовду тосуп алышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Pankration_MMA
2021-08-03 14:10:26
Пахтакор клубу биздеда пайда болгонго.
+7
Dembele84
2021-08-03 14:28:52
Экоонун балдары болушунча тайрандайт эми.Оздору каалаган иштерди кылып
+7
bond02
2021-08-03 14:33:54
Жалагыла эми бир жолу эле.
+3
ainura220888
2021-08-03 15:03:47
Атан болсо президент талтанда да талтанда болуп ататда
+3
Jaraisyn
2021-08-03 15:39:35
Көрө албастык таризде жазып жаткан болбосоңор таң калбайм. Ичиңер бок экен да. Э кыргыз болгондон кийин жүрөт да. Президенттин, УКМК төрагасынын баласы болсо эле үйдөн чыкпай отуруш керекпи. Силер менен биздей эле жаран да. Өзү билет.
+1
assanov97
2021-08-03 16:04:04
Акжол Айсулууну да ушинтип тосот болду бекен
+3
Nurania
2021-08-04 01:39:18
Башкалардын жаны жан бул эки баланын жаны не баклажанбы силерге ,бул экөө не атабыз мындай деп кочого чыкбай жатыш керекби ?Адамдардын ичи мынча тар болот экен жүрсө силерге эмне силерден бир нерсе кетип жатабы,бирөөгө зыяны тийбесе жүрө берсин ошого да нерв кетирбей аман ден соолукта болгула алтындарым ,ичти кенен кылсаңар тез семиресинер
0
Antiradikal5
2021-08-05 14:41:33
Nurania, Хабиб келди деп дардандап жетип барышканы алардын мээси боксолугунон кабар берет. Максим Бакиев хотя бы мынчалык "колхоз" эмес болчу. Ордун билуучу. Аталары "колхоз" болсо, алма шагынан алыс тушчу беле?!!

Коралбастык эмес, чындык. Тупизм бул!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан