МакSим деген ат менен белгилүү болгон орусиялык ырчы Марина Абрамова эсине келди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, комада жаткан ырчы эсине келип, абалы жакшырууда.
Буга чейин жасалма комада жаткан орусиялык ырчы МакSимдин абалы дагы начарлап, өпкөсүнүн оң тарабы иштебей калганы, ага жасалма дем алдыруучу аппараты да жардам бербей жаткандыгы жазылган болчу.
Эскерте кетсек, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган.