
Бишкек шаарында абактан качканы үчүн издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 9-июль күнү Октябрь райондук милициясына калаа тургуну арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү түндө белгисиз жарандар арыз ээсинин үйүнүн терезесинен кирип, баасы 15 миң сомду түзгөн сыналгысын жашыруун уурдап кеткенин жана үйдүн алдында токтоп турган Honda CRV үлгүсүндөгү унаанын айнегин талкалап ичинде 15 миң сом акчасы бар капчыгын уурдап кеткенин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-берене "уурулук" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Иликтөө иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан 24 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Октябрь райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, эки айга камакка алган. Мындан сырткары, ал ИИМдин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турганы жана абактан качканы үчүн издөөдө жүргөнү белгилүү болгон", - деп билдиришти райондук милициядан.