Грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбаны Атабек Азисбеков "Токио-2020" жайкы Олимпиадасында коло байгеге күрөшүүгө мүмкүндүк берген көңүл жубатуучу беттешке катышат. Олимпиаданын эрежесине ылайык, Атабек Азисбековду жеңген венгриялык балбан Виктор Лоринц финалга чыкса, анда кыргыз балбанында мындай мүмкүнчүлүк жаралмак. Бүгүн Олимпиада оюндарынын жарым финалдык беттештеринин алкагында венгриялык балбан жарым финалда египеттик Мохамед Метваллини жеңип алды.
Эми балбаныбыз эртең саат 08:00дө көңүл жубатуучу беттеште атаандашын утса, коло байге үчүн күч сынашууга мүмкүндүк алат.
Белгилей кетсек, Олимпиадага күрөштүн грек-рим түрү боюнча 87 килограмм салмакта катышып жаткан Атабек Азисбеков алгачкы жүрүшүн 1/8 финалда баштап, анда венгриялык күчтүү делинген Виктор Лоринц аттуу балбан менен кез келип, кыргыз балбаны мыкты күрөш көрсөткөнү менен атаандашы бир топ күчтүү болуп, Атабек Азисбеков венгриялык балбанга 6:1 эсебинде жеңилип калган.