2-ноябрда Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы “Энергетик” Маданият үйүндө КРнын алгачкы Премьер-министри Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 70 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтөт. Бул тууралуу Кара-Көлдүн мэриясынын социалдык маселелер боюнча сектор башчысы Кызжибек Өмүржанова билдирди. Анын айтымында, иш-чарага КРнын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев жана өкмөттүн Жалал-Абад облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жусубали Төрөмаматов катышат.