Биз социалдык тармакта

"Күмүш медаль баарынын бактысына эле жазыла бербейт". Президент Садыр Жапаров Акжол Махмудовду куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-августта телефон аркылуу улуттук курама команданын мүчөсү, грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудовду Токиодогу (Япония) Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңип алгандыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
«Көптөн берки талбаган эмгегиңдин жана талантыңдын натыйжасындагы ийгиликтүү жетишкендигиңди чын жүрөктөн куттуктайм. Сен али жашсың, келечекте алтын медалды дагы багындырасың. Сен бүгүн Манастын чыныгы тукуму экениңди далилдедиң. Күмүш медаль баарынын бактысына эле жазыла бербейт. Мындай жетишкендик улуттук спорттун тарыхында көп деле болгон эмес, ошондуктан бул ийгилик жалпы кыргызстандыктар үчүн өтө маанилүү жана өтө баалуу. Миллиондогон мекендештерибиз демин ичине катып, сенин күрөшүңдү көрүп турушту, чын жүрөктөн сүрөп, чын жүрөктөн кабатырланып жатышты. Биз спортчуларыбызды мекенибизде чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Аман-эсен кайтып келип алгыла!" – деп айтты мамлекет башчысы.
Президент Садыр Жапаров Кыргызс өлкөсүнүн олимпиадалык курама командасына мындан ары да ийгиликтерди каалап, калган спортчулар дагы сөзсүз жогорку сыйлыктарга ээ болоруна ишеним артып жаткандыгын билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Milduri
2021-08-03 18:38:05
Абдан жакшы, эээң жакшы!!!
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан