Бүгүн, 3-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда "EFC 38" турнири өтүүдө. Бүгүнкү турнирде жалпы 30 балбан күч сынашат.
Турнирдин негизги беттешинде белгилүү кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу орусиялык Руслан Яманбаев менен кез келет.
Турнирге конок катары UFC уюмунун атактуу жеңилбес мушкери Хабиб Нурмагомедов жана UFC мушкерлери Ислам Махачев, Зубайра Тухугов катышат.