Биз социалдык тармакта

Шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузган ишканаларга айып пул салынды

Бишкекте санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору шаардын аймагынын санитардык абалын жакшыртуу жана жашылдандыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Октябрь районунда күндүзгү текшерүүдө бир эле убакта эки тартип бузуу катталган.
"Тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу эрежелерин сактабаганы үчүн "Грант 312" компаниясы Бузуулар жөнүндө кодекстин 70-беренесине ылайык, 13 миң сом өлчөмүндө айып төлөйт.
"Ипар Био Интер" компаниясы тарабынан дагы бир мыйзам бузууну каттадык. Алар өндүрүш калдыктарын таштанды таштоочу жайларга алып келбестен, кеңсенин жанына ыргытышкан. Аталган тарапка 71-берененин 2-бөлүгүнө ылайык, 23 миң сом айып пул салынды", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-08-04 09:38:16
Сарыбашев барып сразу тазалыктан баштаптыр молодец!
+1
Boru-89
2021-08-04 12:58:04
Сарыбашов Жашыл Бишкек деген атты кайра алып келет Кудайым буйруса.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан