Талас ОИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан каракчылык жасоого шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү 2010-жылдан бери оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн.
"2008-жылдын 29-май күнү Талас облусунун Бакай-Ата районунун жашоочусунун үйүнө белгисиз адамдар кирип, үй ээсин уруп-сабап, акча талап кылып, аялын, баласын жана келинин колу-буттарын байлап, белгисиз тарапка качып кетишкен. Натыйжада жабырлануучуга олуттуу өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча 2008-жылдын 30-май күнү "каракчылык" фактысы менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү жарандын аты-жөнү такталып, ал Токтогул районунун Кара-Көл шаарында 1978-жылы туулган М.У. аттуу жаран экендиги аныкталган. Ага 2010-жылдын 5-июль күнү сырттан айыбы угузулуп, издөө жарыяланган.
2020-жылдан бери оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн кылмышка шектүү жаран М.У.нун кайда экендиги аныкталып, Бишкек шаарынын аймагынан кармалган. Анын башка кылмыштарга тиешеси бардыгы боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, кармалган шектүү жаранга карата Талас шаардык соту тарабынан бөгөт коюу чарасы каралып, камакка алуу түрү тандалган. Аталган кылмыш иши боюнча учурда тергөө жана иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.