Президент Садыр Жапаров телефон аркылуу улуттук курама команданын мүчөсү, грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудовду Токиодогу (Япония) Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңип алгандыгы менен куттуктады.
"Акжол, күмүш медалың кут болсун! Буга дагы ыраазы болуу керек. Бул дагы жаман эмес. Келечегиң алдыда, жашсың. Кудай буюрса, кийинкиде алтын медалга жетесиң.
Азаматсың! Чыныгы эр Манастын тукуму экениңди далилдедиң. Күмүшкө дагы баары жете бербейт. Жакшы келип алгыла, Кудай буюрса, тосуп алабыз", - деди президент балбанды куттуктап жатып.